Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин алдындагы №9036 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдум өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө КРнын Түркиядагы Элчилигинин маалыматы

Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Референдум өткөрүүнүн алкагында бүгүн, 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин алдындагы №9036 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Түркияда дем алыш күндөрү көчөгө чыгуу боюнча чектөөлөр болгон шарттарында  жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылган.

Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот. Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK