Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоо жыйынтыгы

  1.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун  28-пунктуна, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аттестациялык-конкурстук комиссиясы ү.ж. 17-апрелинде болуп өткөн аӊгемелешүүнүн жыйынтыгында, ачык сынактын бардык этаптарынан эӊ жогорку упай алган талапкерлерди бош кызмат орундарга дайындоо сунушун киргизүү чечимин кабыл алды:

 

1.1. Эл аралык уюмдар департаментинин үчүнчү катчысы кызмат ордуна:

- Асанканова Алтынай Токтогуловна

 

1.2. Консулдук департаменттин үчүнчү катчысы кызмат ордуна:

- Джумалиев Нургазы Кайратбекович

 

1.3. Консулдук департаменттин атташеси кызмат ордуна - (2 бирдик):

- Урмалиева Наргиза Омурбековна

- Сабырова Гүлзинат Сабыровна

 

1.4. Экинчи саясий департаменттин атташеси кызмат ордуна::

- Орозалиева Мырзайым Кубанычбековна

 

1.5. Төртүнчү саясий департаменттин атташеси кызмат ордуна - (2 бирдик):

- Акылбек уулу Нуркан

- Орунбаев Нурсултан Ымамилинович

 

1.6. Экономикалык дипломатия департаментинин атташеси кызмат ордуна - (2 бирдик):

- Рыскулов Акылбек Тилекбекович

- Караева Айжана Мааданбековна

 

1.7. Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси кызмат ордуна:

- Турсунбаев Нурсултан Съездбекович

 

1.8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы кызмат ордуна (иштөө пункту Баткен ш.):

- Талапов Туран Талапович

 

1.9. Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси кызмат ордуна:

- Абдылдаева Суйутай Нурбековна

 

  2.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун  32-пунктуна, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аттестациялык-конкурстук комиссиясы ү.ж. 17-апрелинде болуп өткөн аӊгемелешүүнүн жыйынтыгында, ачык сынактын жыйынтыктары боюнча өтүү упайын алган талапкерлерди резервке сунуштоо чечимин кабыл алды:

  1. Алмазбеков Иса Алмазбекович
  2. Алыбекова Мээрим Алыбековна
  3. Даирова Жамиля Ысмайыловна
  4. Дүйшөбай кызы Айданек
  5. Жекшеналы уулу Дастан
  6. Кадыров Темирлан Бакытбекович
  7. Казымбеков Тимур Канатбекович
  8. Калыбек уулу Элдос
  9. Касиев Мунарбек Абдиламидович
  10. Кемелбаев Элчидос Нурказыевич
  11. Курманбаева Айзат Орозбековна
  12. Манапов Самат Кубатбекович
  13. Матаева Айдай Жумашевна
  14. Мырзабеков Нуржигит Кенжебекович
  15. Орозалиева Аяна Табышбековна
  16. Раматиллаева Айзат Абдыкадыровна
  17. Сагынычбекова Мирабэлла Сагынычбековна
  18. Султанбекова Айдай Жусупбековна
  19. Такинов Максат Алмасбекович
  20. Толкунбек уулу Бек
  21. Эгембердиев  Бегалы Толубаевич
  22. Эрматов Азизбек Жуманазарович

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 12 бош дипломатиялык кызмат оордун ээлөөгө ачык сынак жарыялаган.

Документтер 2024-жылдын 9-февралынан 22-февралына чейин кабыл алынып, жалпысынан 254 жарандан 756 арыз келип түшкөн. Белгилей кетсек, ачык сынакка катышууга республиканын аймактарында да, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары да кызыгуу көрсөтүшкөн.

Ачык сынак 5 этапта өткөрүлөт:

1-этап: Документтерди кабыл алуу жана кароо

2-этап: Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимин, билүүсүн жана көндүмдөрүн текшерүү. Бул этап, талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимин, билүүсүн жана көндүмдөрүн текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Тестирлөө борборунда компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү түрүндө жүргүзүлөт.

3-этап: Практикалык тапшырма. Бул этап, чет тилин билүү деңгээлин жана кесиптик компетенцияларын аныктоо максатында жүргүзүлөт

4-этап: Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин системасы боюнча аныкталат.

5-этап: Аңгемелешүү. ТИМдин аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

Ачык сынакты өткөрүүнүн максаты – тиешелүү билими жана чет тилдерин билген жогорку квалификациялуу жаш адистерди дипломатиялык кызмат орундарына тартуу, бардыгына, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарынан келген талапкерлерге да дипломатиялык бош кызмат орундарын ээлөө үчүн бирдей укуктарды берүү болуп эсептелет.

Ачык сынактын жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия эң жогорку упай алган талапкерлерди бош кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кадрлар резервине киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине сунуш киргизет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK