Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жамааты Асаналиев Эрик Акматбаевичтин каза болгонуна байланыштуу анын  туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар тутумунун чет өлкө мекемелеринин жана ведомствого караштуу уюмдарынын жамааты Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Асаналиев Эрик Акматбаевичтин каза болгонуна байланыштуу анын  туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Э.А. Асаналиев 1959-жылы 2-майда Ысык-Көл облусунун Каракол районунун Ак-Булуң айылдында туулган. 
В 1994-жылы өз ишин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар тутумунда КР Тышкы иштер министрлигинин ϴзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси катарында баштаган.
1997-2001-жылдары Тажикстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, 2010-2012-жылдары Белорус Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Литва менен Латвиядагы КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилигин айкалыштыруу менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык жана башка органдарына караштуу Кыргыз Республикасынын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Э.А.Асаналиев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар тутумунда иштеген убагында өзүн Кыргыз Республикасынын тышкы саясий кызыкчылыкдарын коргоосуу менен алдыга жылдырууда жана эл аралык аренада Кыргызстандын ордун бекемдөөдө олуттуу салым кошкон тажрыйбалуу жетекчи жана дипломат катары көрсөттү.
 Э.Асаналиев «Кыргызстандын дипломаттары» КУнун кеңешинин төрагасынын ордунда коомдук иштерди активдүү жүргүздү жана кесиптештерине баалуу кеңештерин жана жаш дипломаттарга акылман насааттарын берип келген. 
Эрик Акматбаевичтин жаркын элеси анын коллегаларынын жана жолдошторунун жүрөгүндө дайыма калат.
Орду толгус жоготууну жана кайгыны тең бөлүшөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK