Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин жана Кыргызстандын 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында пландаштырылган төрагалыгын талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Комиссиянын төрагасы М.Мясниковичке Кыргызстан менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жана Евразия экономикалык интеграциясынын бардык маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK