Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда өрт коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

2020-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова баштаган делегация Корея Республикасындагы Йонгин шаарында Корея Өрт Институтуна барып, Президент Сун Кён Квон мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Корея тарап КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кореянын Өрт институтунун ортосунда өрт коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту, ага буга чейин КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.Ахматов кол койгон жана дипломатиялык канал аркылуу Корея Республикасына жөнөтүлгөн.

Ушул Меморандумдун алкагында тараптар өрт коопсуздугу тутумун өркүндөтүү жана өрткө каршы шаймандарды иштетүү ыкмаларын иштеп чыгуу, бул багытта КРнын Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо боюнча тажрыйба алмашышат жана Корея тарап КРнын Өзгөчө кырдаал министрлигинин өрткө каршы кызматынын потенциалын жогорулатуу максатында техникалык жардам көрсөтүшөт.

Элчи Д.Кемелова ушул Меморандумга кол коюунун маанилүүлүгүн, анын алкагында Корея тажрыйбасы колдонула тургандыгын жана бул тармакка инновациялык технологияларды тартуу керектигин белгиледи. Ошондой эле, Элчи Д.Кемелова кореялык тараптан кыргыз студенттерин өрт коопсуздугуна окутуу үчүн квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Президент Сун Кён Квон мырза 2020-жылы Кыргызстанда адистерин окутуу боюнча айрым иш-чаралар пландаштырылып, коронавируска байланыштуу жокко чыгарылгандыгын айтты. Бирок, ал институт Өзгөчө кырдаал министрлиги менен натыйжалуу кызматташуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK