ТИМ КР Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин РФ ТИМ МГИМОго (У) кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (КР ТИМ) 2021-2022-окуу жылдарына карата Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майына чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат (Тиркеме).

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

 МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен төмөнкү шилтеме (эреже) жана КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт - www.dipacademy.kg

Байланышуу тел: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK