Министр Ч.Айдарбеков: «Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп саналат”

2019-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Женева шаарында өтүп жаткан Качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Аткаруу Комитетинин 70-сессиясынын алкагында жарансыздыкка каршы күрөшүү темасына арналган Жогорку деңгээлдеги сегментке катышты. Бул иш-чаранын башында  катышуучулардын астында Качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку Комиссары Филиппо Гранди чыгып сүйлөдү, ал Кыргызстан жарансыздык көйгөйүн толук чечкен дүйнөдө биринчи мамлекет болуп саналарын баса белгиледи.

Андан соң жарансыздыкка каршы күрөшүү ишинде Кыргызстандын жетишкендиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков баяндама жасады. Өз баяндамасында Министр качкындар, аргасыз жер которгондор жана жарансыз адамдар көйгөйүнө Кыргызстан өзгөчө көңүл бурарын жана бул багытта укук коргоо ыкмасы концепциясында негизделген системалуу жана үзгүлтүксүз иш жүргүзөөрүн баса белгиледи. Министр катышуучуларга Кыргызстан жарансыздыкты жок кылуу маселесинде уникалдуу ийгиликтерге жетишкендигин жана бүгүнкү күндө бул көйгөйдү чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп саналарын маалымдады.

Министр Ч. Айдарбеков бул маселеде жарандык берүү, өзгөртүү жана жоготуу эрежелерин түзгөн мамлекеттер өздөрү негизги жоопкерчиликке ээ экендигин белгиледи. Жарансыздык шарттарда узак убакыттан бери  жашаган адамдардын укуктук статусун чечүү үчүн чоң күч-аракеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду, анткени бул көрүнүш адамдын укуктарынын негизги принциптерине каршы келет. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун  башчысы Кыргызстан бул багыт боюнча мындан ары да жигердүү жана ырааттуу ишти алып бараарына ишендирди.

Министр Ч.Айдарбеков 2014-жылы иштеп баштаган УВКБ#IBelong кампаниясынын алкагында, Кыргызстан 13700 жарандыгы жок адамды тапкандыгына, анын ичинде 2000 жаш балдар экендигине көңүл бурду. 2014-2024-жылдарга Кыргызстан БУУ Качкындар иштери боюнча Башкармалыгынын Жогорку Комиссарынын колдоосу менен, ошондой эле өкмөттүк эмес сектордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда өлкөдөгү жарандыгы жок адамдарды табуу жана документтештирүү жана өлкөдө документтештирилбеген адамдарды табуу боюнча пилоттук долбоорлорду жүзөгө ашырган. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, беш жыл ичинде Кыргызстанда жарандыгы жок адамдардын саны 13 миңден  нөлгө түшкөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK