Министр Ч.Айдарбеков Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү П.Буриан менен жолугушту

2020-жылдын 12-февралында Брюссель шаарында Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү П.Буриан менен жолугушуусу болду.
Тараптар Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы мамилелердин абалын жана аны бекемдөөнүн келечектерин, анын ичинде, 2020-жылга иш чаралардын графигин, ошондой эле КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууга кол коюуга техникалык даярдануу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков менен ЕБнын БА боюнча Атайын өкүлү П.Буриан «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» деп аталган Биринчи экономикалык форумду даярдоо жана өткөрүү маселелерин кенен карап чыгышты. Форумду 2020-жылдын жай айларында Бишкек шаарында өткөрүү пландалган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK