Министр Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолукту (6-май, Анкара шаары)

2019-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында, анын Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун келечеги, аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, тараптар коргонуу чөйрөсүндө мурда түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин алкагында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK