Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту
2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле жогорку денгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды талкуулашты.
2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.
Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.