Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Премьер-министринин орун басары, БАЭнин Президентинин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолугушту

2022-жылдын 2-мартында Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Премьер-министринин орун басары, БАЭнин Президентинин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар КР жана БАЭнин эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинде турган кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-инвестициялык жана өз ара кызыгууну жараткан башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы перспективаларын талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара алмашууларды – Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Араб Эмираттарына, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар Кыргыз-эмират инвестициялык фондун түзүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашышты. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле дүйнөдөгү эл аралык кырдаалдын, анын ичинде Украинадагы окуялардын учурдагы абалын талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү маселелерин чечүү үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды сактоо тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK