Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Вена шаарында Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц менен жолукту

Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 1-октябрында Вена шаарында Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык байланыштардын пайдаланылбаган олуттуу потенциалын жана бири-бирине жеткирилүүчү товарлардын тизмесин кеңейтүү жолу менен эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Ушуга байланыштуу тараптар экономикалык кызматташуу жана эки өлкөнү бизнес миссияларынын өз ара сапарлары боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана бул ишти 2022-жылы ишке ашыруу пландарын түзүштү.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев ошондой эле Австриянын Федералдык Экономикалык Палатасынын Вице-Президенти Р.Шенцти жана Австриянын бизнес делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган ЕБ-БA 1-экономикалык форумуна катышууга, ошондой эле Экономикалык форумдун алкагында эки тараптуу кыргыз-австриялык бизнес-форум өткөрүүгө чакырды 

Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын Вице-президенти Р.Шенц, өз кезегинде, австриялык тарап үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында ЕБ-БA 1-экономикалык форумун Бишкекте өткөрүүнү колдой турганын билдирди жана Австриянын бизнес делегациясынын катышуусун ырастады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, эл аралык стандарттарга ылайык бизнес долбоорлорду түзүүдө жана айыл чарба, гидроэнергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, санариптештирүү сыяктуу чөйрөлөрдө КРнын экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда техникалык -экономикалык негиздерди түзүүдө австриялык эксперттеринин КРнын ишкерлерин окуутуга кыргыз тарабынын кызыкдар экендигин билдирди. 

Министр Р.Казакбаев ошондой эле Р.Шенцке ВПС+ статусун эске алуу менен айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана андан ары ЕБ рынокторуна сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. 

Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Р.Шенц өз кезегинде австриялык тараптын ноу-хау, алдыңкы технологиялар жана жогоруда аталган бардык тармактарда Кыргызстандын экономикасын реформалоодо жана мамлекеттик башкаруу тармагы австриялык эксперттердин жардамын берүүгө даярдыгын билдирди. Р.Шенц австриялык ишканалардын саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашыруусу үчүн «жумшак» насыяларды (жеңилдетилген насыя) берүү мүмкүн экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK