Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри менен ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүндө иш-чарага катышты

2021-жылдын 4-октябрында Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри менен ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Иш-чара ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Янош Ховари тарабынан уюштурулуп, ага Венгриянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ш.Дороги, Венгрияда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын башчылары, ошондой эле илимпоздор жана түрколог-эксперттер катышты.

Өзүнүн сөзүндө КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаев ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы күнү менен куттуктады. Министр Р.Казакбаев Түрк кеңеши – бул бүгүн эзелтен тарыхы, маданияты, дини жана тили бир болгон мамлекеттерди жана элдерди бириктирген, ургаалдуу өнүгүп жаткан эл аралык уюм экендигин белгиледи.  ТМКК алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Р.Казакбев 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында боло турган Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын алдыдагы 8-саммитинин жүрүшүндө Түрк кеңеши Түрк мамлекеттеринин уюмуна трансформациялана тургандыгын өзгөчө белгиледи. Түрк кеңешинин аталышынын өзгөрүүсү уюмдун ишмердигинин өркүндөшүнө жана эл аралык аренадагы анын аброюнун жогорулашына өбөлгө түзө тургандыгына ишеним артты.

Министр Р.Казакбаев ошондой эле ТМККнын Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Кыргызстан Венгрияны анын түрк кызматташтык уюмдарына интеграциялоого умтулуусун толук колдой тургандыгына өзгөчө басым жасады. Түрк кеңешинин Будапешттеги Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү Түрк кеңешинин кызыкчылыктарын Европа мейкиндигине илгерилетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK