Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаев Эл Аралык Атомдук Энергия боюнча Агенттигинин Башкы директору Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушту

2021-жылдын 1-октябрында Вена Эл Аралык Борборунда Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаевдин Эл Аралык Атомдук Энергия боюнча Агенттигинин (МАГАТЭ) Башкы директору Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы МАГАТЭнин мүчө мамлекеттерге карата ядролук илимдерге, технологияларга жана ядролук эмес технологияларды тынчтык максатта колдонууда көмөк көрсөткөндөгү ролун жогору баалады.

Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын объекттериндеги учурда жүргүзүлүп жаткан рекультивациялык иштер боюнча жана өлкөнүн башка уран калдыктарынын объекттерин рекультивациялоо келишимдери боюнча МАГАТЭнин башчысына кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев брахитерапия, нур терапия жана ядролук медицинанын техникалык кызматташтыгынын долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү жана Кыргыз Республикасынын ЗОДИАК демилгесине кызыкдарлыгын белгиледи. ЗОДИАК - зооноздук ооруларды аныктоого жана көзөмөлдөөгө, өлкөлөрдөгү жаңы жана жаңыдан пайда болгон патогендерге каршы күрөшүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Өз кезегинде МАГАТЭнин Башкы директору Р.Гросси мырза МАГАТЭ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара кызматташтыгынын активдүүлүгүн белгилеп, мындан кийин дагы Агенттиктин Кыргызстандагы пландалган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна колдоо көрсөтүүсү тууралуу билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргызстан 2003-жылы МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 47-сессиясында 137-мүчөсү болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK