Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК башчысы Елена Калашникованы кабыл алды

2022-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев К.Р. Министрлер кабинети тарабынан жаңы түзүлгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун башчысы Елена Калашникованы кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатияны ишке ашыруу, анын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгү боюнча кыскача серептен кийин, Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан КР Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте Дубайда (БАЭ) жана Делиде (Индия) роуд-шоу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен видеоконференция сыяктуу бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Е.Калашникова министр Ж.Кулубаевге Фонд туризм тармагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу жана туризм инфратүзүмүн реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана тышкы инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды камсыздоо максатында түзүлгөнүн маалымдады. Фонддун жетекчиси министрлик менен биргелешкен иш-чаралар боюнча, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү боюнча бир катар өзүнүн демилгелери менен бөлүштү.

КР ТИМ башчысы Министрлик мындан ары да Фонддун ишмердүүлүгүнө зарыл көмөк көрсөтөрүнө ишендирип, туризмди өнүктүрүү жаатында чет өлкөлөрдө Кыргызстандын элчиликтеринин жана башкы консулдуктарынын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар туризмди өнүктүрүүнүн жыргалчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен Фонддун ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK