Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору О.Ожиелону кабылалды

2020-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору О.Ожиелону кабылалды, жолугушуу анын демилгеси боюнча болду.

Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаалга БУУ тараптын кооптонгондугу билдирилди. Уюмдун көз карашы БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин билдирүүсүндө так чагылдырылганы белгиленди, ал 2020-жылдын 6-октябрында жарыяланган. Туруктуу координатор Уюм Кыргыз Республикасы менен толук тилектеш болуп кала берерин билдирди. Жогорку даражалуу өкүл өлкөдөгү болуп жаткан процесстергебушайман болуп жатканын айтты. Белгисиздер тарабынан чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерине чабуул болгонуна өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстанга кыска мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын сактоо менен улуттук саясий күчтөрдүн ортосунда кеңири саясий диалог аркылуу укуктук талаага кайтышы маанилүү экенин БУУ тутумунун туруктуу координатору баса белгиледи.

О.Ожиело, эгерде керек болсо, БУУ Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши мененсаясий күчтөрдүн ортосунда ушундай диалог үчүн өз аянтчасын берүүгө даяр экенин маалымдады.

Министр Ч.Айдарбеков өнүгүү маселелеринде Кыргыз Республикасын такай колдогондору үчүн БУУ тутумуна ыраазычылыгын билдирди.

Ушул учурда өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнүн аракеттери түзүлгөн кырдаалды укуктук талаада ганачечүүгө багытталганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынада бул сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилгенин маалымдады. Мында Министр кырдаалдан тездик менен чыгуу ϴкмөткө биркатар проблемаларга толук көңүл бурууга мүмкүндүк түзөрүнө үмүт артарын билдирди., анын катарында COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү, Жогорку Кеңешке жаңы шайлоону өткөрүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу милдеттери курч турат. Ушуга байланыштуу БУУнун колдоосуна үмүт артары билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK