КРнын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Жыйынына видео кайрылуу менен катышты

2020-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги Жыйынына видео кайрылуу менен катышты.

Өз сөзүндө Чингиз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу жаатындагы борбордук ролун, ошондой эле ядросуз дүйнөгө жетишүү үчүн көп тараптуу механизмдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындан тышкары, ал куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири катары билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Борбор Азиядагы ядролук куралсыз аймагынын маанисин белгилеп, быйыл Кыргызстан координатору экендигин айтты. Тактап айтканда, Министр, ядролук куралсыз аймактын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоодо жана ядролук энергияны тынчтык максатта колдонууда, Борбор Азия региону айкын үлгү экендигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу, Чингиз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттери тарабынан сунуштала турган «Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишим» резолюциясын колдоого чакырды.

Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри өз сөзүндө уран казып алуунун экологиялык кесепеттеринин көйгөйлөрүнө, ошондой эле куралсыздануу жана ядролук куралдын жайылышына каршы көмөктөшүү максатында билим берүү жана адистерди даярдоонун ролуна көңүл бурду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK