Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) Башкы катчысы доктор Наиф Фалах Аль-Хажрафты кабыл алды

2022-жылы 3-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарына келген Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) Башкы катчысы доктор Наиф Фалах Аль-Хажрафты кабыл алды.

Тараптар Кыргызстан менен БАМКК ортосундагы кызматташтыктын келечегин, аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жолдорун талкуулашты, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, бийик жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруу боюнча мындан аркы пландарды белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен БАМККга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, туризм тармагын, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Афганистан, Йемен жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев БАМККнын мүчө-өлкөлөрүндө өткөрүлө турган эл аралык иш-чараларды, анын ичинде Катар Мамлекетинде өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты колдоорун билдирди. Министр Ж.Кулубаев ЭКСПО-2030 эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү жайы катары Эр-Рияд шаары белгиленгендигин Кыргыз Республикасы колдой турганын ырастады. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри БАМКК мүчө мамлекеттерин 2024-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар мындан ары кызматташууга негиз түзө турган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен БАМККнын Башкы катчылыгынын ортосундагы консультация механизми боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жолугушуунун соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Министр Ж.Кулубаев менен доктор Н.Аль-Хажраф билдирүү жасашып, пресс-конференция өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Жогорудагы сапар 2022-жылдын 3-4-августунда Чолпон-Ата шаарында Араб өнүктүрүү фонддорунун катышуусу менен Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүп жаткандыгы менен маанилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK