Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында аны менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Журналисттер үчүн уюштурулган брифингдин жүрүшүндө Ж.Кулубаев Кытай менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ экендигин белгиледи.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк менен мүнөздөлгөн эки тараптуу мамилелерди мындан ары ургаалдуу өнүктүрүүгө тоскоолдук жарата турган эч кандай саясий себептер же пикир келишпестиктер жок.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери 30 жыл ичинде эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишилди.

Тараптар мындан ары да саясий диалогду бекемдеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда жетишилген достук, ынак коңшулук мамилелерин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү тууралуу макулдашууларды ишке ашыруу үчүн күч-аракет жумшоого ниеттенүүдө.

КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү Ван Инин пикиринде, 30 жыл ичинде эки тараптуу мамилелер чоң өнүгүү жолун өтүштү. Мамлекет башчыларынын стратегиялык жетекчилигинин астында Кытай менен Кыргызстан ынак коңшу, жакшы дос, өнөктөш жана тууган болуп калышты. Тараптар биримдикти чыңдап, суверендүүлүк, коопсуздук маселелеринде, ошондой эле тандалган өзүнүн мүнөздүү улуттук өзгөчөлүктөрү менен өнүгүү жолунда бири-бирин колдоосу зарыл.

Кытай менен Кыргызстан коопсуздук жаатында жигердүү кызматташып, калыптанган коркунучтарга жана жаңы чакырыктарга биргеликте каршы аракеттенүүдө.

Кыргыз тарап өз ара ишенимди чыңдоого, биргелешкен коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого багытталган глобалдуу коопсуздук жана өнүгүү боюнча Кытайдын демилгелерин колдойт.

Министр Ж.Кулубаев ошондой эле Министр Ван И менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланганын белгиледи.

Тараптар 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү иш алып барууну көздөшүүдө.

 Тараптар товар жүгүртүү деңгээлин жана жүк ташуу агымынын көлөмүн көбөйтүүгө, чек арадагы өткөрүү пункттарынын ишин оптимизациялоого, кыргыз айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоого кызыкдар. Тараптар ошондой эле электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда кайра жаралуу энергия булактары жаатына инвестиция тартуу боюнча иш алып барууга макулдашышты.

Министрлер ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү боюнча бир пикирде экендигин ырасташты. Үстүбүздөгү жылдын июлунда Кыргызстанга кытай эксперттеринин биринчи тобу келип, алар кыргыз адистери менен биргеликте жолдун кыргыз участогу боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшүүдө.

КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Мүчөсү Ван И «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу регионалдык өз ара байланыштын стратегиялык долбоору болуп саналарын белгиледи. Үч өлкөнүн биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында темир жол куруу долбоору өз ишин баштады.

Кытай министри ошондой эле «Бир алкак, бир жол» демилгесин ишке ашырууну тездетүүнүн жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан да жогору деңгээлге чыгаруу жана Кытай менен Борбордук Азиянын бир тагдыр коомчулугун жана жалпы эле адамзаттын бир тагдыр коомчулугун бекемдөөгө салым кошуу максатында Кытай менен Кыргызстандын бир тагдыр коомчулугун түзүү үчүн эки тараптуу кызматташууну алдыдагы 30 жылга пландоо боюнча биргеликте иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары ошондой эле Кыргызстанда инфратүзүмдүк мүнөздөгү гранттык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашып, Кыргызстанда Айланма 2-Чүй каналын куруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул долбоор, ошондой эле Кытай Өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен салына турган башка гидротехникалык объекттер суу аз болгон шартта сугат суу менен камсыздоо көйгөйүн чечип, Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берет.

Кытай Кыргызстанга коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүүсүн улантат. Саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мындан ары бекемделе берет.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары жигерлентүү максатында тараптар кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү максатында Кыргызстанда «Лу Бань устаканасын» ачууну, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн маданий борборлорду түзүүнү макулдашышты.

БУУнун жана регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жаатында өз ара кызыгууну жараткан маанилүү демилгелер жана негизги маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү практикасы улантылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK