Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында министр Руслан Казакбаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту

2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында министр Руслан Казакбаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту.

Кыргыз-армян мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалог болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен ишмердүүлүктү, анын ичинде көп тараптуу платформаларда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечеги белгиленди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 2022-жылдагы өз ара сапарларынын графиги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин 2022-2024-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK