Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каттарын тапшыруу иш-чарасы жөнүндө

2021-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана КР мамлекеттик органдарынын бир катар өкүлдөрүнө КР Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каттарын тапшыруу аземи болуп өттү.

«Сыйланып жаткандардын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүнө, чыгармачылык мамилесине, иш билгилигине таянуу менен Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти жүргүзүп келүүдө. Экономикалык дипломатияны илгерилетүүгө багытталган биргелешкен ишке берилгендик, жемиштүү эмгектенүү жана жыйынтыктуу кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин ыраазычылыгын кабыл алыңыздар», - деп белгиледи өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР ТИМ Статс-катчысы Н.Бардинова.

Өз кезегинде чакырылган коноктор Министр Р.Казакбаев жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн ишеним жана куттуктоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле экономикалык димломатияны илгерилетүү жаатындагы биргелешкен ишти улантууга даяр экендигин тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK