Медициналык мекемелерге жардам жөнүндө

2020-жылдын 12-декабрында Екатеринбург–Бишкек авиа-каттамы аркылуу республиканынсаламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналыккызматкерлердин муктаждыктарына арналган,медициналык буюм түрүндөгү гуманитардык жүккелип түштү. Бул жардамды Кыргыз РеспубликасынынЕкатеринбург шарындагы Башкы консулдугунункызматкерлери, кыргыз диаспораларыбирикмелеринин лидерлери жана активисттерименен биргеликте чогултушту. Каражат чогултуу иш-чарасына РоссиянынСвердлов облусунун борборунда жашаганмекендештердин ичинен жеке ишкерлер, медициналык кызматкерлер жана жарандаркатышты. Челябинск облусунун Магнитогорск шаарында жүргөн кыргызтандыктар дагыѳздѳрүнүн салымын кошушту. Чогултулган каражатка медициналыкбуюмдарды–медициналык кызматкерлер үчүништелип чыккан халаттар, респираторлор, кол каптар жана медициналык маскаларды камтыганжеке коргонуу каражаттары сатып алынды. Бардыкөнүмдөрдүн тиешелүү сапат сертификаттары бар. Башкы консулдук Кыргызстандынмедициналык мекемелерине үзгүлтүксүз жардамкөрсөткөн мекендештерге, ошондой эле көрсөтүлгөн жүктү акысыз жеткирген Урал авиакомпаниясына чын жүрөктөн ыраазычылыкбилдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK