Башкы консулдуктун кызматкерлери Орусиянын Свердлов облусунда ЖАКББнын 53-ТМде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүштү

 

2023-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Свердлов облусу боюнча Верхотурье шаарындагы 53 түзөтүү мекемисинде жазасын өтөп жаткан соттолгон Кыргызстандын жарандарына барышты (мындан ары – 53-ТМ).
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкерлери жарандарды кызыктырган суроолоруна жооп берип, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу жана жазаны мындан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу тартибин түшүндүрүштү.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында 53-ТМ башчысы ички кызматтын майору Э.К.Карлегис менен баарлашуу болуп, Башкы консулдук менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
 
Маалымат үчүн: Учурда Россиянын аймагында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн 53-ТМде Кыргыз Республикасынын 30 жараны жазасын өтөп жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK