COVID-19 пандемиясынын кесепетинен оор кырдаалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча КРнын Украинадагы Элчилигинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана айкалаштыруу менен Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы Элчилиги тарабынан үзгүлтүксүз түрдө консулдук округта жашап жаткан кыргыз жарандарынын социалдык-гуманитардык абалы мониторингке алынып, COVID-19 таажы вирусунун пандемиясынын кесепетинен оор кырдаалда калып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү жардам берүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

​Үстүбүздөгү жылдын 21 апрелинде Элчиликтин ички буйругу менен Элчиликтин кеңешчисинин жетекчилигинин алдында Элчиликтин кызматкерлеринен жана диаспора өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

​Жумушчу топтун алдында жардамга муктаж болгон жарандарга көмөк көрсөтүү Фонду түзүлгөн. Жумушчу топтун мүчөлөрү жардамга муктаж болгон жарандарды аныктоо максатында мониторинг жүргүзүп, азык-түлүк менен 34 кыргыз жаранына көмөк көрсөтүлгөн, анын ичинен 20 жаран Украинада, 14 жаран Болгарияда.

​Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Ю.Стоклоса жана Молдовадагы И.Ганя Ардактуу консул кызматтарына талапкерлер таажы вирусу менен күрөшүү багытында акчалай каражат жана таажы вирусун аныктоо үчүн атайын экспресс-тесттер менен жардам беришти.

​Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Элчилик тарабынан Софиядан Бишкекке “София-Москва-Бишкек” аба каттамы менен 3-жаран Мекенге кайтарылган.

​Үстүбүздөгү жылдын 4-майында Элчилик тарабынан Украинадан Мекенге тез арада кайтууга себептери бар болгон 7-жаран “Киев-Будапешт-Тараз” аба каттамы менен чыгарылган.

​Социалдык түйүндөрдө кыргыз жарандары менен үзгүлтүксүз түрдө түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, алардын социалдык абалы боюнча жагдай мониторингке алынууда.

​Элчиликтин расмий сайтында жарандар калып жаткан өлкө тарабынан кабыл алынып жаткан иш-чаралар, кеп-кеңештер, санитардык-медициналык эрежерледи жана тартипти сактоого үгүттөө, ден соолукка кам көрүү тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып, эгерде тез арада жардам керек болуп калса, Элчиликтин ыкчам байланыш телефон номурлары дагы жайгаштырылган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK