КР ТИМнин КР жарандарын Түркиядан эвакуациялоо боюнча иши жөнүндө

Министрлик Кыргызстандын Анкарадагы Элчилиги жана Стамбул жана Анталиядагы Башкы консулдуктары менен биргеликте жаратылыш кырсыгы болгон аймактан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген Кыргызстандын 22 жаранын эвакуациялоо маселесин иштеп чыкты.

2023-жылдын 8-февралында Түркия Республикасынын Газиантеп шаарынан Казакстан Республикасынын Астана шаарына Казакстан Республикасынын атайын учагы менен Кыргыз Республикасынын 22 жараны учуп кетишкен.

Казакстан Республикасынын аймагында Кыргызстандын Астанадагы элчилиги кыргызстандыктардын Кыргызстанга андан ары кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары Түркиядагы чет элдик мекемелердин күчтөрү тарабынан Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталия, Алания жана Анкара шаарларына Кыргызстандын 20дан ашык жараны эвакуацияланган.

Кыргызстандын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да Хатай шаарынан Кыргызстандын 10 жаранын коопсуз аймактарга эвакуациялоодо.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK