Кыргызстандын жана Хорватиянын ТИМ Башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу

2020-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Хорватия Республикасынын тышкы иштер жана европа иштери министри Г.Радман менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды уюштуруу жолу аркылуу эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин кызматташуу маселелери, анын ичинде, Европа Биримдиги – Борбордук Азия жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүлөрү жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча биргелешкен күч-аракеттер талкууланды. 
Ачык жана конструктивдүү маекте эл аралык жана региондук күн тартибинин негизги аспектилери, анын ичинде, БУУнун, ЕБнын, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK