Кыргызстандын жана Венгриянын ТИМ Башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу

2020-жылдын 11-августунда КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Венгриянын тышкы иштер жана соода министри  П.Сийярто менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.  
Маектин жүрүшүндө кыргыз тышкы саясий ведомствосунун башчысы ИВЛ (өпкөнү жасалма желдетүү) аппараттары түрүндө гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн венгер тарабына кайрадан ыраазычылык билдирди.
Тараптар Венгриянын Тышкы иштер министринин ушул жылдын 15-июлунда КРга жумушчу сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн жана 2020-жылдын аягына чейин жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиктерин талкуулашты.
Тараптардын учурдагы эки тараптуу документтерди кароосунун абалы жөнүндө маалымат алмашуу болду.
Мындан тышкары, тараптар коронавирустук инфекция жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK