Министр Ч.Айдарбековдун Азербайжандын КРдагы Элчиси Г.Оруджев менен жолугушуусу жөнүндө

2020-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Г.Оруджевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалдын контекстиндеги актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-азербайжан кыматташтыгынын маселелери талкууланды.
Үстүбүздөгү жылга пландалган бир катар эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде, Азербайжан Республикасынын Президенти И.Алиевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Азербайжандын Башчысынын Кыргыз Республикасына сапарына карата Кыргызстан-Азербайжан достук Паркынын жана Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди. Бул сапардын алкагында алардын ачылыш салтанатын өткөрүү пландалган.  
Мамлекеттер аралык саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктарды активдештирүү, атап айтканда, жакынкы арада видеоконференция форматында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-азербайжан консультацияларын өткөрүү жөнүндө макулдашуулар  жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK