Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Сархад соода-өнөр жай палатасынын президенти Шербаз Ильяс Газанфар Билур  жана Пешавар шаарынын өнөр жай ээлеринин ассоциациясынны президенти Малик Имран Исхак менен жолугушту

Пакистандын Пешавар шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Сархад соода-өнөр жай палатасынын президенти Шербаз Ильяс Газанфар Билур  жана Пешавар шаарынын өнөр жай ээлеринин ассоциациясынны президенти Малик Имран Исхак менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Элчи У.Тотуяев пакистан тарабына Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык дарамети жөнүндө маалымат берди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын соода-өнөр жай палаталарынын тилкелери боюнча кызматташтыктын багыттарынын кеңири спектрин жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн, айрыкча фармацевтика тармагындагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Элчилиги Пешавардын Соода-өнөр жай палатасынын ардактуу мүчөлөрүн ушул жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө пландаштырылган экинчи кыргыз-пакистан бизнес форумуна катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK