Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин катышуусу жөнүндө АКШнын Соода Министрликтин өкүлдөрү менен онлайн жолугушууларда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн

2020-жылдын 4 жана 6-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги АКШнын Соода Министрликтин өкүлдөрү менен онлайн жолугушууларга катышып, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евразия чөлкөмүнүн башка мамлекеттеринин АКШ менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Онлайн-жолугушуулар АКШ-Евразия бизнес жана соода программасынын алкагында өткөрүлүп, ал аймактын өкмөттөрү менен америкалык кызматташтыкты бекемдөөгө, соода иш-аракеттеринин деңгээлин жогорулатууга, кесипкөй көндүмдөрдү жана ишкерлердин конкреттүү куралдарын колдонуунун мыкты тажрыйбалары менен таанышууга, экономикалык жана соода маселелери боюнча америкалык компаниялар, бизнес ассоциациялары жана АКШнын мамлекеттик органдары менен ийгиликтүү кызматташуу багытталган.

Америкалык тараптан Соода министринин глобалдык маркетинг боюнча жардамчысы жана тышкы коммерциялык кызматтын башкы директору И.Стефф, Европа жана Евразия боюнча Соода министринин жардамчысынын орун басары Д.Фалько, Евразия боюнча саясий директору Д.Старк, Секретариаттын башчысы Д.Риско жана башкалар Соода министрликтин кызматкерлери катышышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK