Сирияда атайын лагерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын репатриациялоо боюнча “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды

2023-жылдын 8-декабрында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Мамлекет башчысы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK