КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев РФнын КРдагы Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды
2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде ЕАЭБде Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.