КР Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Асеин Исаев "Кыргызстан жана Өзбекстан: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы перспективалары" темасындагы Тегерек столдун ишине катышты

2023-жылдын 7 февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Асеин Исаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына арналган "Кыргызстан жана Өзбекстан: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы перспективалары" темасындагы Тегерек столдун ишине катышты. Тегерек стол Борбордук Азия эл аралык институту жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрайымы Дилором Файзиева тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин депутаттары, дипломатиялык корпустун, эксперттик-аналитикалык жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн сөзүндө А.Исаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгына жогору баа берди, ал чындыгында эле тарыхый болуп, кыргыз-өзбек мамилелеринде жаңы баракты ачты.

Тегерек столдун катышуучулары кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Ошондой эле иш-чарага катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Саидов, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Б. Аълоев жана Борбордук Азия эл аралык институтунун директору, Өзбекстан Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри В. Норов менен жумушчу жолугушуулары болду.

Аталган жолугушууларда жогорку деңгээлдеги иш сапардын жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин Өзбекстан Республикасына боло турган иш сапарларын уюштуруу маселелери, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын жана үстүбүздөгү жылдын май айында эки өлкөнүн чек ара облустарынын башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумдарын өткөрүү маселелери талкууланды. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK