Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту

2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Украинадагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле кезектеги ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү аркылуу саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Тараптар 2022-жылы Кыргызстан менен Украинанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү ниетин ырасташты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерине, кызматташтыкты арттыруунун келечегине кеңири токтолуп, эки тараптуу бизнес-форум уюштуруу, кыргыз-украин өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK