Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франция Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссияларынын башчылары үчүн брифинг өткөрдү

2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франция Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссияларынын башчылары үчүн брифинг өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрдин биринчи орун басары 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Европа Биримдигинин институттарынан, Европа Биримдигинин жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүнөн жогорку делегацияларын, ошондой эле эки региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогулткан Биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумуна даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Н.Ниязалиев Форум Европа Биримдиги жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жаңы экономикалык аянтча болуп каларын баса белгиледи, бул соода, инвестиция, санариптештирүү жана жашыл экономика сыяктуу тармактардагы кызматташтыкты бекемдейт.

Соодага көмөктөшүү, жашыл энергетика жана бизнес форумга арналган кошумча иш-чаралар өзүнчө талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK