Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Улуу Британия Өкмөтүнүн эксперттик тобу менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча

2024-жылдын 25-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары
Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын Өкмөтүнүн санкциялар боюнча Элчи Ян Фелтон жетектеген эксперттик делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык сооданын маселелери, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Улуу Британиянын санкциялык саясаты боюнча пикир алмашуу орун алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK