Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов Улуу Британиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Спикери сэр Линдси Хойл менен жолугушту

2022-жылдын 22-ноябрында Лондон шаарында парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси У.Джусупов Улуу Британиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Спикери сэр Линдси Хойл менен жолугушту.

Достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн сүйлөшүүдө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына токтолуп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Общиналар палатасынын спикери Л.Хойл, атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын чоң потенциалын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи У.Джусупов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиевдин кайрылуусун Общиналар палатасынын төрагасы Л.Хойлго тапшырды. Эки парламенттин жана парламенттик достук топторунун тыгыз кызматташуусуна кызыкдар экендиги айтылды.

Эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы өз ара сапарларды жана парламенттик ишмердүүлүк боюнча тажрыйба алмашууну активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK