Кыргызcтан менен Грузиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2020-2021-жылдарга кызматташтык Программасына кол коюлду

2019-жылдын 6-декабрында Братиславада ЕККУ ТИМКнын 26-жыйынынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Грузиянын Тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар 2019-жылдагы эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышты жана алардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Министрлер 2020-жылга контакттардын графиги, анын ичинде, өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашты.
2020-жылы Бишкекте экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-грузия Өкмөттөр аралык комиссиясынын II-жыйынын өткөрүү жолу менен экономикалык байланыштарды активизациялоого басым жасоо аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого тараптар ишеним билдиришти. 
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK