Элчи К.Ѳмүралиев КРнын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев жана КРынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев менен биргеликте Караман провинциясынын Губернатору Фахри Мерал жана Мэри Саваш Калайджы менен жолугушуу ѳткѳрүштү

2020-жылдын 20-январында Караман шаарына болуп ѳткѳн сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана каржы комитетинин Төрагасы Эмил Токтошев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым Укуктуу Ѳкүлү Алтынбек Намазалиев менен биргеликте Караман провинциясынын Губернатору Фахри Мерал жана Мэри Саваш Калайджы менен жолугушуу ѳткѳрүштү.

Тараптар боордош эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Кыргызстан менен Карамандын ортосундагы көпүрө болуп саналган, Караман провинциясында окуп жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарына кѳмѳк кѳрсѳтүүсүнѳ жана сапардын алкагындагы макулдашууларды жана меморандумдарды мындан ары ишке ашыруу боюнча Губернатор Фахри Мералдын колдоосуна кыргыз делегациясы үмүтүн билдиришти. Губернатор Фахри Мерал дос өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууга колдоо кѳрсѳтүп, Кыргызстандын жарандарына жардам бере тургандыгына ишендирди. Кыргыз студенттерин кабыл алып, алардын маселелерин чечүү жолдорун талкуулай тургандыгын билдирди.

Караман шаарынын Мэри Саваш Калайджы менен болгон жолугушууда, Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, кыргыз тарап Чүй облусунун бир шаары менен Карамандын ортосунда достук жана боордоштук байланыштарын түзүү жана Караман шаарындагы Кыргызстандын жарандарына кѳмѳк кѳрсѳтүү зарылдыгын белгилешти. Кыргыз баатыры Манастын жана улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун аттарын түбөлүккө калтыруу максатында, Мэр Саваш Калайджы Караман шаарындагы парктарга Манастын жана Чыӊгыз Айтматовдун аттарын ыйгара тургандыгына ишендирди жана үстүбүздѳгү жылдын август айында ѳткѳрүлѳ турган Эл-аралык түрк дүйнөсү фестивалына кыргыз тарабын чакырды.

Аталган жолугушуулардын жыйынтыгында Губернаторлор Алтынбек Намазалиев жана Фахри Мерал Кыргызстандын Чүй облусу менен Түркиянын Караман облусунун ортосундагы кызматташуу боюнча Протоколго кол коюшту, ошондой эле Караман шаары менен Кайыңды шаарынын ортосунда достук жана боордоштук байланыштарын түзүү боюнча макулдашышты.

Маалымат катары: Караман – Түркиянын түштүк тарабындагы 251 миңден ашык калкы бар административдик борбор. Экономикасында айыл чарба, кондитердик азыктар, ун, сүт, текстиль ж.б. чыгарылат жана уюштурулган өнөр жай зонасы бар (экинчиси курулууда). Караман түрк тилинин борбору болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK