Кыргызстандын Катардагы Элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Жарандык авиация башкармалыгынын Президенти Мохамед Фалех Аль-Хажери менен жолугушту
2021-жылдын 7-ноябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Жарандык авиация башкармалыгынын Президенти Мохамед Фалех Аль - Хажери мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Эки тараптуу кызматташтыктын жарандык авиация тармагындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.