Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.К.Самат «С.Федоров атындагы Көздүн микрохирургиясы» клиникасына Москвага текшерилүү жана дарылануу үчүн келип, оор операция жасалган 34 жаштагы кыргыз жаранынын абалын билүү үчүн келди

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Г.К.Самат «С.Федоров атындагы Көздүн микрохирургиясы» клиникасына 2021-жылдын 17-мартында Москвага текшерилүү жана дарылануу үчүн келип, оор операция жасалган 34 жаштагы кыргыз жаранынын абалын билүү үчүн келди.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын дагы эки жаранына операция жасоо пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу, Элчи Г-К.Самат бейтаптарга опреациянын ийгиликтүү жана жеңил өтүшүн каалады.

2020-жылдын октябрь окуясынын жыйынтыгында ар кандай жаракат алган КРнын жарандарына медициналык жана калыбына келтирүү боюнча жардам берүү чаралары көрүлүүдө.

Мекендештердин Москвага келүүсү, алардын изилдөөдөн өтүүсү жана дарылануусу өлкөнүн Биринчи ханайымы Айгуль Жапарова, КРнын РФдагы Элчилиги жана «Үмүт булагы» кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды.Алардын изилдөөдөн өтүүсүнө жана дарылануусуна кеткен финансылык каражаттар Москвадагы кыргыз бизнесмени Асылбек Муратбеков тарабынан каржыланды.

Бул медициналык мекемеге баруунун алкагында Элчи Г-К.Самат, ошондой эле «С.Федоров атындагы Көздүн микрохирургиясы» клиникасынын Жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор А.Чухраёв менен жолугушту, анын жүрүшүндө мекендештердин учурдагы абалын сурап, Кыргызстан менен Россиянын офтальмологдорунун ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде «С.Федоров атындагы Көздүн микрохирургиясы» клиникасынын катышуусу менен көз дарыгерлеринин Ысык-Көл форумун өткөрүү маселесин талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK