Кыргыз Республикасынын Элчиси Аида Исмаилова Кёнгидо Ассамблеясынын Коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Ким Пан Су менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кёнгидо Ассамблеясынын Коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Ким Пан Су жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Элчи А.Исмаилова өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалары түрүндөгү куткаруу техникалары менен камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Кёнгидо провинциясындагы сезондук айыл чарба иштерине тартуу маселелерин талкуулады. Элчи А.Исмаилова КР жарандарынын чоң эмгек потенциалын белгилеп, КР жарандарын EPS системасы боюнча жана сезондук жумуштарга кабыл алууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK