Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинде Россия Федерациясы, Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Түркия, Борбордук Азия жана Арктика департаментинин башкы директору Г.Зайллер менен жолугушту

Ушул жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөндү Макеев Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинде Россия Федерациясы, Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Түркия, Борбордук Азия жана Арктика департаментинин башкы директору Г.Зайллер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыктырган маселелердин кеңири спектри боюнча Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн биргелешип аракеттене тургандыктарын макулдашышты.

Саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү максатында быйылкы жылы жогорку жана бийик деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу багытында чаралар көрүлөт.

Кызматташтыктын экономикалык аспектилерин талкуулап, тараптар 2022-жылы өткөн Экономикалык байланыштар боюнча Аралаш Кыргыз-Австриялык комиссиянын 8-жыйынынын жыйынтыктоочу макулдашууларын толугу менен ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоо зарылчылыгына макул болушту.

Тараптар ошондой эле Австриянын абройлуу университеттеринде Кыргыз Республикасынын улуттук кадрларын даярдоо максатында «Эл үмүтү» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун келечегин карашты.

Элчи көп тараптуу форматтагы практикалык кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын баса белгилеп, Австрияга Кыргызстан тарабынан демилгеленген БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюциясын колдоого жана биргелешип демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK