Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев ГФР ТИМнин “Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия” бөлүмүнүн жетекчиси Маттиас Фоллерт менен жолугушту

2023 жылдын 24-январында Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинде “Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия” бөлүмүнүн жетекчиси Маттиас Фоллерт менен жолугушуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, анын ичинде быйылкы жылы ар кандай деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK