Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Маттиас Люттенберг менен жолугушту

2022-жылдын 27-октябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ Маттиас Люттенберг менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда кыргыз-герман мамилелерин чыңдоо жана биздин өлкөдө Германия менен экономикалык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Эл аралык кырдаалдын абалы, ошондой эле Борбордук Азиядагы кырдаал жана биздин региондогу интеграциялык процесстер боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан кийин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери жана кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK