Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Тоскана регионунун Флоренция шаарына жумушчу иш сапары менен барды

Элчилик тарабынан аймактык деңгээлде кызматташууну кеңейтүү жана Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 10-мартында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Тоскана регионунун Флоренция шаарында жумушчу иш сапары менен болду.

Сапар Италиянын эң чоң жана эң эски университеттеринин бири – Флоренция университетине баруу менен башталды. Окуу жайдын ректору Алессандра Петруччи менен жолугушууда Кыргызстандын ЖОЖдору менен кызматташууну түзүү маселелери талкууланып, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Ошону менен бирге Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын быйыл Флоренцияда уюштурулган эл аралык форумга катышуу маселеси талкууланды.

Андан ары «Палаццо Веккио» сарайында Флоренция шаарынын мэри Дарио Нарделла менен эки тараптуу жолугушуу болду. Элчи Т.Базарбаев Бишкек менен Европанын эң кооз шаарларынын бири, маданий мурастары боюнча уникалдуу шаарлардын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүгө чоң кызыкдар экенин билдирди. Ал эки мэриянын катышуусунда маданий-гуманитардык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу кызматташуунун багыттары болуп калышы мүмкүн экендигине көңүл бурду.

Д.Нарделла Флоренция муниципалитети үчүн эл аралык мамилелерди өнүктүрүү маанилүүлүгүн белгилеп, бир тууган шаарлар менен байланыштарды түзүү максатында быйылкы жылы Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин кароого даяр экендигин билдирди. Ал муниципалитеттердин ишмердүүлүгүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, ошондой эле биргелешкен маданий жана экономикалык мүнөздөгү биргелешкен иш-чараларды уюштуруунун зарылдыгын белгиледи.

Жумушчу иш сапар Флоренциянын Соода-өнөр жай палатасында «PromoFirenze» агенттигинин президенти – Массимо Манетти менен жолугушуусу менен аяктады.

Соода-өнөр жай палатасынын, “Confindustria” өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын, ошондой эле Флоренция провинциясынын “CNA Firenze” кол өнөрчүлөр ассоциациясынын, кичи жана орто ишканаларынын өкүлдөрүнө инвестиция, Кыргызстандын экспорт жана туризм потенциалы, бизнестин шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер  жөнүндө маалымат тартууланды.

М.Манетти келип түшкөн инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө жана эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда пункттук байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанга бизнес-делегациянын сапарын уюштуруу маселесин кароого даяр экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK