Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Сицилия аймагындагы Палермо шаарына иш сапары менен барды.

2022-жылдын 21-июлунда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев Италия менен аймактар аралык мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү максатында Сицилия регионунун Палермо шаарына иш сапары менен барып, Палермо шаарынын Мэри Р. Лагалла менен жолугушту.

Кыргызстандын Элчиси кыргыз тараптын Палермо муниципалитети менен кызматташууга жана эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Мэр Р.Лагалланы аймактык делегацияны жетектеп Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Мэр Р.Лагалла Кыргызстан Палермо шаары үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы жана жагымдуу багыты экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташуу боюнча Макулдашууну түзүүгө даяр экенин белгиледи.

Элчи Т.Базарбаев ошондой эле Палермо шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Вице-президенти Н.Рейна менен жолугушту. Кыргызстанда сунушталган инвестициялык долбоорлорду изилдөө, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Палермо шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу жана Кыргызстанга италиялык ишкерлердин аймактык делегациянын курамында иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жумушчу сапар Европадагы эң ири опера театрларынын бири «Театро Массимо» жетекчиси М.Бетта менен жолугушуу менен аяктады, анын жүрүшүндө Т.Базарбаев М.Беттаны Бишкекке келип, А.Малдыбаев таындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен кызматташуу келишимине кол коюуга, опера ырчыларынын жана балет артисттеринин катышуусунда биргелешкен концерттерди уюштуруу, ошондой эле алар үчүн стажировкаларды өткөрүү үчүн чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK