Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын Төрагасы Райымбек Баталов менен жолугушту

2022-жылы 9-августта Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын (УИП) башкармалыгынын Төрагасы Райымбек Баталов менен жолугушуп, анда кыргыз-казак кызматташтыгындагы бизнес, соода жана туризм чөйрөлөрүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү маселелери каралды.

Д.Дюшекеев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстандын ири инвесторлору менен жолугушуусун уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн «Атамекен» УКПга ыраазычылык билдирди.

Элчи өз сөзүндө Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча экономикалык мүнөздөгү бир катар документтер кабыл алынгандыгын билдирди.

Алардын арасында эки өлкөнүн кыргыз-казак чек арасындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасын инвестициялоо боюнча Меморандум жана эки өлкөнүн алты аймагынын ортосундагы кызматташтык келишимдери. Кыргызстан менен Казакстандын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен биринчи Аймактар аралык форумду өткөрүү маселеси эки тараптуу күн тартибинде турарын билдирди.

Өз кезегинде «Атамекен» УИП башкармалыгынын Төрагасы Р.Баталов белгилегендей, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү бардык кызыктырган маселелер боюнча, анын ичинде Кыргыз-Казакстан Ишкерлер Кеңешине, Бизнес клубуна, ошондой эле «Кыргыз бизнесинин диаспорасы» деп аталган платформага катышуунун алкагында тыгыз байланышта.

Тараптар жогорку кызыкчылыкты жана соода-экономикалык кызматташтыкты мазмундуу толтуруу үчүн эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарылдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK