Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында жашаган КР жарандары жана студенттери менен жолугушту

2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчиси Улукбек Мариповдун Эр-Рияд шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Элчи У.Марипов жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, биздин жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана республикабыздын чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарыбыздын жана студенттерибиздин бардык суроолоруна, анын ичинде окууга тийиштүү документтерди даярдоо жана Сауд Арабияда иштөөгө уруксат берүү эрежелери боюнча жооптор берилди.

Элчи У.Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды жарандар жана Элчилик менен биргеликте Эр-Рияд шаарында пландаштырылган спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK