Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Билим берүү министри Юсуф бин Абдулла Аль-Беньян менен жолугушту

2023-жылдын 15-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Билим берүү министри Юсуф бин Абдулла Аль-Беньян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-сауд кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүүнү талкуулашты.

2022-жылдын ноябрында Эр-Рияд шаарында өткөн кыргыз-сауд Кызматташтык комитетинин үчүнчү отурумунун Протоколунун билим берүү жана илим тармагына тиешелүү пункттарын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле 2019-жылы эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин ортосунда кол коюлган Билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Өз кезегинде министр Ю.Аль-Беньян кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу максатында жакынкы аралыкта онлайн жолугушууларды уюштурууну макулдашышты.

Жолугуушунун соңунда Элчи У.Марипов Юсуф бин Абдулла Аль-Беньянды өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK